Аламүдүндө Hyundai Porter унаасы күйүп, беш газ баллон жарылды

Жазылуу
Кырсыкка авто транспорттук техника пайдаланууда өрт коопсуздугу эрежелеринин бузулушу себеп болгон.

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Аламүдүн районундагы Үмүт жаңы конушунда газ баллон ташып келе жаткан Hyundai Porter унаасынын мотордук бөлүгүнөн өрт чыгып, беш баллон жарылганын ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, унаада 20 газ баллон жүктөлүп келе жаткан. Кырсыкка авто транспорттук техника пайдаланууда өрт коопсуздугу эрежелеринин бузулушу себеп болгон.

Окуя болгон жерге бир өрт өчүрүүчү унаа тартылып, 40 мүнөттүн аралыгында өрт толугу менен өчүрүлгөн. Айдоочусу жабыркаган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0