КРСУнун ректораты 3,5 млн. сомду "жеп алды" деп шектелүүдө

© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүүКыргыз-орус славян университетинин имараты. Архив
Кыргыз-орус славян университетинин имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акчага байланыштуу шылуунчулук коммерциялык банктар аркылуу жүргүзүлүп келген. Аталган окуу жай азырынча бул боюнча түшүндүрмө бере элек.

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Кыргыз-орус славян университетинин жооптуу кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган учуру аныкталганын Бишкек ШИИБ билдирди.

Ошто 30 га жерди жеке жакка сатып жиберген экс-мэрдин иши сотко жөнөтүлдү
Милициянын маалыматына ылайык, университеттин ректораты менен бухгалтерия кызматкерлери керт башынын кызыкчылыгы үчүн бир катар мыйзам бузууларга барган.

Мында аталган кызматкерлер Каржы министрлигинин уруксатысыз эки коммерциялык банк менен келишим түзгөн. Бирок атайын эсептеги каражаттын иштетилиши учетко алынган эмес. Мындан тышкары, киреше катары былтыр аталган окуу жайдын эсебине 3 миллион 417 миң 153 сом которулган. Бул каражат Финансы министрлигинин уруксатысыз жеке муктаждыктарга сарпталган.

"Университеттин мыйзамсыз аракеттеринен улам өлкө казынасы ири суммадагы акчадан куру калган", — деп айтылат билдирүүдө.

Чогулган материалдар чечим кабыл алуу үчүн Свердлов райондук прокуратурасына жөнөтүлдү.

Аталган окуу жай азырынча бул боюнча эч кандай түшүндүрмө бере элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0