Кыргыз-казак чек арасынан жарандарды мыйзамсыз ташыган топ аныкталды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Ак-Тилек — автодорожный" өткөрүү пунктунун кызматкерлери. Архив
Ак-Тилек — автодорожный өткөрүү пунктунун кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мыйзам бузуунун негизинде Кыргызстандын аймагынан чыгууга тыюу салынган адамдарды чек арадан өткөрүп келген жарандардын тобу ачыкка чыкты.

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Кыргыз-казак чек арасынан адамдарды мыйзамсыз ташып келген каналдын жолу буулду. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, "Ак-Тилек — автодорожный" өткөрүү пунктунан 21 жана 26-март күндөрү Кыргызстандан чыгууга тыюу салынган төрт жаран кармалган. 

Алардын айтымында, адамдарды ташуу менен алектенген топ акчага Казакстанды көздөй сапар алган жарандарды чек арадан өткөрүүнү убадалаган. 

Документтер толтурулгандан кийин кармалган жарандар тийиштүү орган кызматкерлерине өткөрүп берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0