Таш-Көмүрдө "Хизб ут-Тахрир" мүчөлөрүнүн беш үйү тинтүүгө алынды

© Фото / пресс-служба ГКНБЭкстремисттик адабият. Архив
Экстремисттик адабият. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Далил буюм катары ар кандай флешкалар, видео кассеталар, видео дисктер, китеп, баракчалар, уюлдук телефондор, сим карталар, компьютерлер алынды.

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. "Хизб ут-Тахрир" диний экстремисттик уюмунун Таш-Көмүр шаарында каттоодо турган активдүү мүчөлөрү менен үгүтчүлөрү жашаган беш үйдө тинтүү жүрдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБ билдирди. 

Ошто "Хизб ут-Тахрир" уюмуна тиешеси бар аялдардын тобу кармалды
Маалыматка ылайык, тинтүү учурунда мыйзамсыз буюмдарды жашырууга аракет кылгандар да кездешкен. Далил буюм катары ар кандай флешкалар, видео кассеталар, видео дисктер, китеп, баракчалар, уюлдук телефондор, сим-карталар, компьютерлер күбөлөрдүн катышуусунда алынды. 

Топтолгон материалдар Таш-Көмүр ШИИБдин тергөө бөлүмүнө өткөрүп берилди. Алынган далил буюмдарга соттук-теологиялык экспертиза дайындалып, тийиштүү тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат. 

Ички иштер башкармалыгы былтыр "Хизбут-Тахрир" диний экстремисттик уюмунун үч атуулу бул мыйзамсыз уюмдан чыккандыгын жалпы эл алдында билдирген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0