ТИМ: Москвада полиция имаратынын 5-кабатынан КР жараны кулап кеткени тастыкталды

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүМосква шаарына көрүнүш. Архив
Москва шаарына көрүнүш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каза болгон жаран 22 жаштагы Нурдин Айдаров аттуу жаран экени белгилүү болду. Учурда кырсыктын чоо-жайы аныкталып жатат.

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Москва шаарында полиция имаратынын бешинчи кабатынан кулап кеткен жаран кыргызстандык 22 жаштагы Нурдин Айдаров экени тастыкталды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Буга чейин айрым маалымат каражаттары 5-кабаттан кулап кеткен адам кыргызстандык жаран болушу мүмкүн экенин жазып чыгышкан.

Сот балкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ошто 4-кабаттан сүйлөшкөн кызын ыргытып жиберген жаран 8 жылга кесилди
Мындан улам Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин өкүлү Москванын Түндүк-чыгыш административдик аймагынын ИИБнын экстремизмге каршы борборунун башчысы менен жолуккан. 

Мындан тышкары, элчилик ИИБга кайрылуу жасап, КР жаранынын каза болушунун чоо-жайын дыкат изилдөөнү, эгер полиция кызматкерлеринин күнөөсү аныкталса аларды жоопко тартууну талап кылды. 

Учурда Россиянын Тергөө комитетинин Башкы башкармалыгы бул маселени иликтеп жатат. Муну менен бирге окуя КР Тышкы иштер министрилигинин көзөмөлүндө экенин аталган мекеме белгилейт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0