Ошто 30 га жерди жеке жакка сатып жиберген экс-мэрдин иши сотко жөнөтүлдү

© flickr.com / PaulОш шаарына көрүнүш. Архив
Ош шаарына көрүнүш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган жер тилкеси 154 үлүшкө бөлүнүп, мектеп, бала бакча, дарыкана, ФАП, өндүрүш-өнөр жай комплекси жана башка керектүү инфраструктура салынмак.

БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Ошто транстформацияланган 30 гектар жер 310 миң сомго мыйзамсыз сатылып кеткен факт боюнча козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, Ош шаардык сотко жөнөтүлгөнүн Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматка ылайык, кылмыш иши былтыр 19-октябрда козголгон. Анда Ош шаарынын Жапалак айыл кеңешинин муктаждыгын чечүү үчүн өкмөт өзүнүн токтому менен 30 гектар аянттагы айыл чарба жерин калк отурукташа турган жерге которгону айтылат. Ал 154 үлүшкө бөлүнүп, мектеп, бала бакча, дарыкана, ФАП, өндүрүш-өнөр жай комплекси жана башка керектүү инфраструктура салынмак.

Жайыттагы койлор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Таласта жайыт жердин кыртышын бузган жеке компаниядан 300 миң сом доо өндүрүлдү
Бирок шаардык мэрия, өкмөттүн, Жапалак айыл өкмөтүнүн аппараты, Ош шаарынын архитектура жана мамлекеттик каттоо башкармалыгынын жетекчилиги аталган жер тилкесин ЖОЖ ректорунун аялына 310 миң сомго сатып жиберишкен.

Бул боюнча шаардын экс-мэри Жумадыл Исаковго Кылмыш жаза кодексинин 303-беренесинин (Коррупция) негизинде кылмыш иши козголгон.

Тергөө учурунда аталган жер тилкеси 26 миллион 640 миң сомго бааланып, Ош шаарынын мэриясына кайтарылды.

Эми бул кылмыш ишке чекитти шаардык сот коймокчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0