Өзгөн шаарында жол кырсыгына кабылган машина толугу менен күйүп кетти

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүӨКМ кызматкери. Архив
ӨКМ кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
19 жаштагы айдоочуну менен жүргүнчү Өзгөн шаардык ооруканага алып келинген.

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Ош облусундагы Өзгөн шаарында Honda Fit үлгүсүндөгү автоунаа бакты сүзүп, толугу менен күйүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

19 жаштагы айдоочуну жана жүргүнчүнү "тез жардам" кызматкерлери өрт өчүрүүчүлөр барганча Өзгөн шаардык ооруканага алып кетишкен.

Учурда жол кырсыгынын чоо-жайы такталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0