Акча алмаштыруучу жайды карактоого аракет кылып ок чыгаргандар табыла элек

Жазылуу
Милиция төрт күндөн бери травматикалык пистолет менен атып, акча алмаштыруучу жайды тоноого аракет кылган үч белгисиз адамды издеп келет.

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Ош базарынын жанындагы акча алмаштыруучу жайды карактоого аракет кылган адамдар табыла электигин Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.

Тапанча кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
ИИМ: Бишкекте акча алмаштыруучу жайды тоноого аракет жасалып, атышуу болду
Окуя 13-март күнү болгон. Мында тоноочулар менен кызматкерлер атыша кетишкен. 

Алдын ала маалымат боюнча, каракчылар акча менен бюрого кирип бара жаткан кассир менен башка кызматкерлерге кол салышкан. Алардын огунан бир кароолчу колунан жаракат алган. Каракчылар из суутуп кетүүгө үлгүрүшкөн.

ШИИБ тергөөнүн жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилерин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0