Бишкекте Ленин райондук соттун имаратында өрт чыкты

Жазылуу
Бул мамлекеттик органдардын имараты өрттөнгөн биринчи учур эмес.

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Бишкектин Ленин райондук сотунун имаратында өрт чыкканын ӨКМ билдирди.

Москвадагы өрттөн каза болгондордун жакындарына 10 миң сомдон жардам берилди
Маалыматка ылайык, кырсык соттун канцеляриясындагы жылыткычтан улам келип чыккан. Андан стол, кресло, компьютердин процессору жабыр тарткан. 

ӨКМ кырсыкка өрт коопсуздугу боюнча эрежелердин сакталбаганы себеп болгонун айтууда.

Бул акыркы айларда мамлекеттик органдардын имараты өрттөнгөн биринчи учур эмес. Буга чейин мындай фактылар Жалал-Абад шаардык прокуратурасында, УКМКда жана Нарындагы Ак-Жар айыл өкмөтүндө катталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0