Ысык-Көлдө жер титиреди

© AFP / LUIS RUEDAСейсмограф. Архив
Сейсмограф. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Силкинүү Кутургу, Ак-Булуң, Күрмөнтү жана Түп айылдарында сезилген. Жабыр тарткандар катталган жок.

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда үч балдык жер титирөө болгонун ӨКМ билдирди.

Сейсмограф аппараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түндүк Кореяда жардыруудан улам жер титиреди
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жердин силкинүүсү кечээ саат 20.51де катталган. Очогу Ысык-Көл облусундагы Кутургу айылынан түндүк-батышты көздөй сегиз чакырым, Ак-Булуң айылынан 12, Күрмөнтүдөн 15 жана Түп айылынан 26 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Аталган айылдарда силкинүүнүн күчү 2,5-3 баллдык болуп сезилген.

Жер титирөөдөн жабыр тарткандар катталган жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0