Бишкекте аял көпүрөдөн секирип кетти

© Sputnik / Александр Алпаткин / Медиабанкка өтүүТез жардам автоунаасы. Архив
Тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жабырлануучу өз өмүрүн кыюуга ниеттенгенин айтты.

БИШКЕК, 16-мар — Sputnik. Бишкектеги көпүрөлөрдүн биринен аял секирип кеткенин борбор калаанын Тез жардам станциясы билдирди.

Мылтык. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкек тургуну аялын атып, андан кийин өз өмүрүн кыйган
Маалыматка ылайык, кырсык тууралуу билдирүү 20.13тө түшүп, окуя Жаш Гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде болгону айтылган.

29 жаштагы аял келген дарыгерлерге өз жанын кыюу үчүн көпүрөдөн секирип кеткенин айткан. Ага жардам көрсөтүлдү. Медиктер аялдын баш сөөгү жабыркап, мээси чайкалып, кыр арка сөөгүнө доо кеткенин катташты.

Учурда жабырлануучу травматология жана ортопедия улуттук институтунда дарыланып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0