Кадамжайдын Ак-Боорум аймагынан таш алдында катылып жаткан мылтык табылды

© пресс-служба ГПС КРТаш алдында катылган 16 миллиметрдүү аңчылык эки курал.
Таш алдында катылган 16 миллиметрдүү аңчылык эки курал. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мылтык менен чогуу беш даана ок жана азык-түлүк да табылган.

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Баткен облусунун Кадамжай районундагы Ак-Боорум аймагынан таш алдында катылып жаткан 16 миллиметрдүү аңчылык эки курал табылды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Алар мылтык менен чогуу беш даана ок табышкан. Андан сырткары мүшөккө салынган азык-түлүк да болгон.

Тийиштүү документтер толтурулган соң табылган курал-жарак ИИМдин аймактык өкүлчүлүгүнө өткөрүп берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0