Өзүм билемдик менен түтүктөрдүн орнотуу үчүн асфальт жолду бузган тургун кармалды

© Sputnik / Юрий Лашов / Медиабанкка өтүүТүтүк. Архив
Түтүк. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мыйзам бузуу Бишкектин Токтоналиев менен Таш-Көмүр көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан жерде катталган.

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Борбор калаада үй ээси өзүм билемдик менен жолдун асфальтын бузуп, короосунан канализациялык люкка чейин түтүктөрдү орнотууга аракет кылган. Бул тууралуу шаардык муниципалитет билдирди.

Маалыматка ылайык, мыйзам бузуу Бишкектин Токтоналиев менен Таш-Көмүр көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан жерде катталган. 

Өз алдынча жасалган аракет тууралуу үй ээсинин коңшулары коңгуроо кагышкан. Окуя болгон жерге келген тийиштүү орган кызматкерлери келип, натыйжада жолдун асфальт төшөлмөсүн калыбына келтирүүгө милдеттендирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0