Ошто 23 кг нашаа менен үч баланын энеси кармалды

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүПакеттеги нашаа. Архив
Пакеттеги нашаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аял 2015-жылдан бери изделип келген. Учурда ал камакка алынды.

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Ошто 23 килограммдан ашуун нашаа сатууга тиешеси бар делген үч баланын энеси кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик баңгизатка каршы кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 39 жаштагы кыргызстандык аял буга чейин козголгон кылмыш иштин алкагында 14-мартта колго түшүрүлгөн.

Аны укук коргоо органдарынын кызматкерлери былтыртан бери издеп келишкен.

Учурда аял убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0