Сокулукта бычакташа кеткен жигиттердин бири каза болду

Жазылуу
Жарандар араздаша кетип, бири-бирине бычак урган. Натыйжада бирөөсү каза болуп, экинчиси ооруканада жатат.

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Сокулукта 19 жана 21 жаштагы жигиттер пикир келишпестиктен улам бычакташа кетип, бирөөсү ооруканадан эсине келбей жатып каза болгонун ИИМ билдирди.

Арак. Архив - Sputnik Кыргызстан
ИИМ: арактан чыккан чырдан улам эжеси бир тууган инисин бычактап салды
Маалыматка ылайык, кырсык 13-март күнү болгон. Түнкү саат 11.30да №1 шаардык ооруканага санына бычак жеген жаран түшкөн. Кан көп кеткендиктен, ал эсине келбей жатып каза болгон.

Сокулуктун райондук милициясы кылмышка шектүү катары Учкун айылынын 19 жаштагы жашоосунун кармашкан. Ал учурда бычактан алган жарааттары менен Сокулук райондук ооруканада дарыланып жатканы аныкталды.

Тергөө учурунда жигиттер араздаша кетип, бири-бирине бычак урганы белгилүү болду. Учурда процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн материал чогулду.

Жаңылыктар түрмөгү
0