Башкы прокуратура: Геология агенттигинин кызматкерлери 42 млн. сом зыян келтирди

© Sputnik / Игорь Агеенко / Медиабанкка өтүүАлтын казуу иштери. Архив
Алтын казуу иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Агенттиктин жооптуу кызматкерлери кен казуучу ишканага берген туура эмес лицензиясынын негизинде кылмыш жоопкерчилигине тартылуу алдында турат.

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Мамлекеттик геология жана минералдык ресурстар агенттигинин жооптуу кызматкерлери туура эмес лицензия берүүнүн натыйжасында мамлекетке 42,4 миллион сом зыян келтиргенин Башкы прокуратура билдирди.

Аскер билети үчүн 25 миң сом талап кылган комиссариаттын кызматкери кармалды
Маалыматка ылайык, аталган агенттик кен казуучу компанияга Чаткалдагы Чаарат кенине геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө уруксат берүүчү лицензия берген. Бирок айрым кызматкерлер протоколго аталган аймакта издөө иштерин жүргүзүүгө уруксат берүүчү жалган маалыматтарды киргизип, 2012-2013-жылдар үчүн төлөмдөрдү азайтып коюшкан.

Агенттиктин мыйзамсыз аракетинин натыйжасында өлкө казынасына 42 миллион 445 миң 249 сом зыян келтирилгени ачыкка чыкты.

Бул факт боюнча Башкы прокуратура Кылмыш жаза кодексинин 304 ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") жана 315 ("Документтерди жасалмалоо") беренелеринин негизинде кылмыш ишин козгоду.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0