Кыздарга тийишкен мас "милиционер" кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековМилиция кызматкеринин фуражкасы жана кол кишен. Архив
Милиция кызматкеринин фуражкасы жана кол кишен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкектин тургуну документ талап кылган "милиция кызматкери" боюнча арыз жазган.

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Жеке коопсуздук башкы башкармалыгынын кызматкерлери милиционердин кийимин кийип алган жаранды кармаганын Бишкек ШИИБ билдирди.

Милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Акыйкатчы институту: милиция кызматкерлери жарандардын арыздарын кабыл албайт
Маалыматка ылайык, 9-март күнү милицияга бишкектик кыз кайрылып, алтынчы кичи райондо ага милиционер тийишип, документин талап кылганын айткан. Анын билдирүүсү боюнча укук коргоо органынын өкүлү мас абалында болгондуктан, кыз милиция менен байланышууну туура көргөн.

Иликтөө иштеринин натыйжасында 34 жаштагы Бишкектин тургуну кармалып, учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0