Казакстан аймагынан ондон ашык малды мыйзамсыз айдап келе жаткан КР жараны кармалды

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүМал айдаган киши. Архив
Мал айдаган киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Анын жанында ким экенин аныктай турчу документ болгон эмес.

БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Талас облусунун Манас районундагы Талас айылынын аймагынан мамлекеттик чек арадан өтүү тартибин бузуп, 11 баш ири мүйүздүү малды Казакстандан айдап келе жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат кызматы билдирди.

"Кармалган жаран башкаларга коңшу мамлекеттен мал айдап чыгууга жардам берип келген. Кармалган жарандын жанында ким экенин аныктай турган бир да документ болгон эмес", — деп айтылат билдирүүдө.

Тийиштүү документтер толтурулган соң ал киши Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин аймактын бөлүмүн кызматкерлерине тапшырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0