Нурада бүгүн экинчи ирет жер титиреди

© AFP / BAY ISMOYOАппарат сейсмограф. Архив
Аппарат сейсмограф. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биринчиси бүгүн эртең менен Алай тоо кыркаларында катталган.

БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Ош облусунда бүгүн экинчи ирет жер титирегенин ӨКМ билдирди.

Биринчиси эртең менен саат 9.38де болуп, очогу Нура айылынан 25 чакырым алыстыктагы Алай тоо кыркаларында катталган. Анын күчү 3,5-4 баллга жеткен.

Өкмөт үйү. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт үйү түндө түтөп кетти
Экинчи силкинүүнүн күчү 2-2,5 баллга жетип, очогу Нура айылынан 20 чакырым алыстыкта катталган. Жер титирөө калк жашаган аймакта сезилген эмес.

Эскерте кетсек, 2008-жылы октябрь айында Нура айылында күчү 8 баллга жеткен жер титирөө болуп, андан 75 адам каза болгон. Анын 42си балдар болчу. 144 имарат кыйрап, 93 бала жана 49 чоң киши ооруканага түшкөн. Жер титирөө Тажикстан, Өзбекстан жана Кытайда да сезилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0