Героинди сосисканын ичине катып жүргөн казакстандык жаран кармалды

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүКомбинаттагы сосискалар. Архив
Комбинаттагы сосискалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
19 жаштагы чет элдик жаран Бишкектен кармалган. Учурда бул иш боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Бишкекте героинди сосисканын ичине салып жүргөн 19 жаштагы казакстандык жаран кармалганын шаардык ИИБ билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган жаранды милиция кызматкерлери Бишкектин Геология көчөсүнөн кармашкан. Текшерүү учурунда сосисканын ичинен алты грамм героин табылган.

Учурда бул иш боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0