Кочкордо мас айдоочу жол кырсыгына кабылып, окуя болгон жерден качып кетти

Жазылуу
Кырсык Семиз-Бел айылынын тушунда, Бишкек — Торугарт унаа жолунун 222-чакырымында болгон.

БИШКЕК, 11-мар. – Sputnik. Кочкор районунун Семиз-Бел айылында Nissan Sunny үлгүсүндөгү унааны мас абалында башкарып бара жаткан айдоочу каршы тилкеге чыгып, келе жактан микроавтобустан качам деп бакты сүзгөн. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, унаадагы эки жүргүнчү жаракат алып, Кочкор райондук ооруканага жеткирилген. Аларга куткаруучулар биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн.

Кырсыкка себепкер болгон Nissan Sunny унаасынын 30 жаштагы айдоочусу окуя болгон жерден качып кеткени айтылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0