Кара-Кулжада жаңы төрөлгөн баласын ээн калган имаратка таштап кеткен аял кармалды

Жазылуу
Кармалган аял мындай кадамга никесиз төрөп, ата-энесинен уялгандыктан барганын айтууда.

БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Ош облусунун Кара-Кулжа райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери 10-мартта эртең менен Ноокат районунан "күкүк энени" кармашкан. Бул тууралуу Ош шаардык ИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 6-мартта 28 жаштагы аял Кара-Кулжа районунун борборундагы кароосуз калган имараттардын бирине 25-февралда төрөлгөн уулун таштап кеткен.

Учурда аял жасаган кылмышын мойнуна алып, "күйөөсүз төрөгөндүктөн ата-энесинен уялып" ушул ишке барганын айткан. Ал азыр сурак берип жатат. 

Ымыркайдын абалы жакшы, жергиликтүү дарыгерлердин көзөмөлүндө. 

Жаңылыктар түрмөгү
0