Бишкек тургуну аялын атып, андан кийин өз өмүрүн кыйган

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүМылтык. Архив
Мылтык. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аял аман калып, оор абалда Бишкектеги травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун реанимация бөлүмүндө жатат.

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Бишкектин Пржевальск көчөсүндө үй ээсинин өз өмүрүн кыюу фактысы катталганын "Тез жардам" кызматынын реанимация бөлүмүнүн башчысы Егор Борисов билдирди.

Анын айтымында кырсык кечээ, жекшемби күнү болгон. 

"Реанимациялык бригада менен милиция кызматкерлери аңчылык куралынан үч ээси алгач аялын атып, андан кийин өзү атынып өлгөнүн аныкташкан",— деди Борисов.

63 жаштагы жаран башына ок тийип каза болгон. Аял аман калганы менен учурда абалы оор экени айтылууда.

Ок жабыралануучунун да башына тийген. Ал Бишкектеги травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун реанимация бөлүмүнө жаткырылган.

Милиция кызматкерлери аял алгач уулуна телефон чалганын билдиришти.

"Атам аны да, өзүн да атканы жатканын апам ыйлап жатып айтты. Мен келсем, кеч болуп калыптыр", — дейт жубайлардын 38 жаштагы баласы.

Окуя болгон жерден ИЖ-16 үлгүсүндөгү аңчылардын мылтыгы табылган. Курал каттоодон өткөн эмес. Үйдөн андан тышкары, арактын бош бөтөлкөлөрү табылган. 

Укук коргоо органдары окуянын чоо-жайын иликтеп жатышат. Тергөө амалдары уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0