ЖАМК: мөөнөтүнөн эрте бошотулган кылмышкерлердин 7,3%ы кайрадан жоопко тартылган

© Sputnik / Вадим Брайдов / Медиабанкка өтүүТүрмө. Архив
Түрмө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Былтыр түзөтүү колонияларынан 1639 жаран чыккан. Ал эми мөөнөтүнөн эрте 1265 киши бошотулган.

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Былтыркы жылы жаза мөөнөтүнөн эрте бошотулгандардын 7,3 пайызы кайрадан кылмышка барган. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2015-жылы түзөтүү колонияларынан 1639 жаран чыккан. Ал эми мөөнөтүнөн эрте 1265 киши бошотулган.

Мөөнөтүнөн эрте бошотулгандардын 92си же 7,3 пайызы кайрадан кылмышка барып, сот жообуна тартылган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0