Соодагерлерди сызга отургузган УКМК кызматкери жумуштан кетирилди

Жазылуу
Мукамбетов Бишкектеги "Фрунзе+" соода борборунун ээси болуп келген. Ал депозит үчүн ижарачылардын ири көлөмдөгү акчасын алып, кайтарып берүүдөн баш тарткан.

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Бишкектеги "Фрунзе+" соода борборунун ижарачылардан алган акчасын кайтарбай жаткан ээси Мирбек Мукамбетов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтан кетирилгенин аталган мекеме билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган борбордун ээси ал жакта иштеген соодагерлердин 2-8 миң долларга чейинки акчасын депозит үчүн алып кайра кайтарып берүүдөн баш тарткан. 

"Келишим боюнча депозит акча соода токтотулгандан кийин кайра кайтарылып берилиши керек. Бирок бир жыл иштегенден кийин акчабызды дооласак, Мукамбетов кайтаруудан баш тартып, каалаган жагыбызга арызданууну айтты", — дейт жабырлануучулардын бири Зарина Осмонова.

Автоунаанын ачкычы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Баткен районун соту парага Toyota унаасын алып жаткан жеринен кармалды
Маалымат жыйында Мукамбетовдун аракетинен 100гө чукул соодагер жапа чеккени белгилүү болду. Мындан тышкары, ижарачылар буга чейин да бир нече ирет УКМКга кайрылып, Мукамбетов боюнча чара көрүүнү өтүнүшкөн. Бирок кайрылуулардан эч кандай майнап чыккан эмес.

Ижарачылар маалымат жыйынынан кийин УКМК кызматтык териштирүү жүргүзүп, натыйжада резервдеги Мукамбетов соода борборунун ээсин жумуштан четтеткен.

Мекеме кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгы чечим кабыл алуу үчүн Аскер прокуратурасына жиберилгенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0