Баткендин бала бакчасында айлык алган "өлүү жандар" аныкталды

© flickr.com / Images MoneyАкча. Архив
Акча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мекемеде иштебеген "кызматкерлерге" 140 миң сомдун тегерегиндеги акча төлөнгөн.

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Баткен облусундагы "Барчын" бала бакчасынын жооптуу кызматкерлерине карата кылмыш иши козголгонун Финансы полициясы билдирди.

Алтын. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чаткалда 905 млн. сомдук алтынды жашырган ишканага кылмыш иши козголду
Маалыматка ылайык, Исфана шаарындагы бала бакчанын кызматкерлери буга чейин жумуштан четтетилген же таптакыр иштебеген адамдарга айлык акы чегерилип келген. Натыйжада бөлүнгөн каражатты бала бакчанын кызматкерлери өздөрүнө ыйгарып турушкан.

Бул боюнча Кылмыш жаза кодексинин 171-беренесинин (Ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгаруу же сарптоо) негизинде кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0