Жалал-Абадда элди 134,5 миң сомго алдап кетти деп шектелген жаран кармалды

Жазылуу
Шектүү "жумушка орноштурам", "жер алып берем" деп элди алдап, акча өндүргөн.

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Жалал-Абад облусунда элди алдап акча өндүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Шектүү "жумушка орноштурам" деп 4500, жер алып берем деп 130 миң сом алып, изин суутуп кеткен. 

Алданып калган эки жаран милицияга арыз жазып кайрылган. Учурда шектүү кармалды. Ага Кылмыш жаза кодексинин 166-беренеси боюнча кылмыш козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0