УКМК: "Кыргызалтын" үчүн туура эмес алынган техника боюнча кылмыш иши козголду

Жазылуу
Төрт жыл мурун сатылып алынган техникалык жабдуунун мындан ары да колдонулушу күмөн туудурат.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. "Кыргызалтын" ишканасына туура эмес техникалык жабдуу сатылып алынган фактысы боюнча кылмыш иши козголгонун УКМК билдирди.

Маалыматка ылайык, мындан төрт жыл мурун тендердин негизинде казакстандык "ЭнКО" компаниясынан аталган ишкана үчүн сатылып алынган соргучтар "Терек-Сай" кенинин шартына туура келбей калган. Аларды толук иштетүү үчүн кошумча жабдык талап кылынган.

Жол оңдоо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ошто жолдорду оңдогон ишканаларга кылмыш иши козголду
Мындан улам казак компаниясы кошумча техника сатып алууну же мурункусун кайра кайтарууну сунуштаган. "Кыргызалтын" ишканасынын жооптуу кызматкерлери мыйзам бузуу менен тендер өткөрбөстөн 1,2 миллион сомго соргучтарга керектүү жабдууларды сатып алган.

Бирок соргучтар ушул күнгө чейин колдонулган эмес. Ал эми "Терек-Сай" кенинин жабылышы менен ири суммадагы техниканын пайдаланылышы күмөн.

Бул боюнча Финансы полициясы "Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы" беренесинин негизинде кылмыш ишин козгоду.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0