Нарында жылкыны сүзгөн машина оодарылып кетти

Жазылуу
Жол кырсыгы түнкү саат 11:20да Бишкек — Торугарт унаа жолунун 225-чакырымында болгон.

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Нарын облусунун Кочкор районундагы Семиз-Бел айылында Volkswagen үлгүсүндөгү автоунаа жылкыны сүзүп, оодарылып кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, кырсык 1-мартта түнкү саат 11:20 чамасында Бишкек — Торугарт унаа жолунун 225-чакырымында болгон.

Жол кырсыгынан үч жүргүнчү жеңил жаракат алышкан. Оодарылып калган автоунааны куткаруучулар барып тургузуп беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0