Дене тарбия жана спорт агенттигинде 7,6 млн. сом акчанын эсеби чыкпай калды

Жазылуу
Эсеп палатасы аталган мекеменин каржы жагын текшерип, бир топ мыйзам бузууларды аныктаган.

БИШКЕК, 29-фев. — Sputnik. Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинде 7,6 миллион сомдук мыйзам бузуулар аныкталганын Эсеп палатасы билдирди.

Акча саноочу машина. Архив - Sputnik Кыргызстан
Социалдык фонд мамлекетке 4,4 млн. сом төлөмөр болду
Маалыматка ылайык, 2014-жылы аталган агенттиктин кассасынан 4,1 миллион сом өлчөмүндөгү каражат негизсиз эсептен чыгарылган. Мындан сырткары, стипендия берүүдө 1,9 миллион сом акчанын эсеби чыкпай калган. Документтерде акча алуучулардын колу коюлган эмес.

Муну менен бирге өткөн жылдын соңунда жүргүзүлгөн инвентаризация 1,8 миллион сом акчанын кем экенин көрсөткөн.

Эсеп палатасы бардык каражат күнөөлүү адамдардын эсебинен калыбына келтирилиши керектигин белгилейт.

Учурда жогорудагы фактылар боюнча чогултулган материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди. Ал эми аталган агенттик бул тууралуу тергөө жүрүп жаткан маалда эч кандай түшүндүрмө бербей турганын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0