Сокулук айылынын жашоочусу эки тапанча сатып жаткан жеринен кармалды

Жазылуу
Учурда алынган курал экспертизага жөнөтүлүп, бул факт боюнча кылмыш ишин козгоо маселеси каралып жатат.

БИШКЕК, 29-фев. — Sputnik. Сокулукта курал-жарак сатуу менен алектенген жергиликтүү тургун кармалганын Чүй ОИИБ билдирди.

Маалыматка ылайык, айылдын 32 жаштагы жашоочусу эки травматикалык тапанча сатып жаткан жеринен колго түшүрүлгөн. Курал экспертизага жөнөтүлдү.

Учурда бул боюнча кылмыш ишин козгоо маселеси каралып жатат. Иликтөө иштери улантылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0