Токмокто тамеки тартуудан өрт чыгып, 50 жаштагы жаран каза болду

© flickr.com / 55Laney69Тамекинин айынан 61 жаштагы жарандын денесинин 75 пайызы күйүп калды
Тамекинин айынан 61 жаштагы жарандын денесинин 75 пайызы күйүп калды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ӨКМ өткөн сутка ичинде өлкөдө 17 өрт кырсыгы катталганын белгилейт.

БИШКЕК, 29-фев. — Sputnik. Токмок шаарында турак жай өрттөнүп, андан 50 жаштагы Юрий Агапов аттуу жаран каза болгонун ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, өрттөнгөн үй шаардын Ибрагимов көчөсүндө жайгашкан. ӨКМ кырсык тамеки тартуудагы этиятсыздыктан улам келип чыкканын белгиледи.

Өткөн сутка ичинде Кыргызстан боюнча 17 өрт кырсыгы катталып, аны менен күрөшүүгө 19 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0