Бишкек – Ош жолунан жүк ташуучу унаа каналга түшүп кетип үч жашар кыз реанимацияга түштү

Жазылуу
Жолдон чыгып, каналга түшүп кеткен жүк ташуучу автоунаанын ичинде жети киши болгон.

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Ноокен районун аймагы аркылуу өткөн Бишкек – Ош жолунда Mercedes-Benz үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаасы кырсыкка учурап, үч жаштагы кыз жандандыруу бөлүмүнө түштү. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Жолдон чыгып, каналга түшүп кеткен жүк ташуучу автоунаа ичинде жети киши болгон. 

Анын ичинен 46 жаштагы аял жана үч жаштагы кичине кыз жабыркап, бири реанимацияга, экинчиси сыныктар бөлүмүнө түшкөн. 

Жаңылыктар түрмөгү
0