Кыргызстандын түштүгүндө 3 баллдык жер титирөө болду

© AFP / LUIS RUEDAСейсмограф аппараты. Архив
Сейсмограф аппараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Катталган жер силкинүүсүнүн очогу Кадамжайдан түндүк-батышты көздөй 10 чакырым, Кызыл-Кыя шаарынан 45 жана Баткен шаарынан 68 чакырым алыстыкта жайгашкан.

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Кыргызстандын түштүк аймагында үч баллдык жер титирегенин ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ саат 17.38де катталган жер силкинүүсүнүн очогу Кадамжайдан түндүк-батышты көздөй 10 чакырым, Кызыл-Кыя шаарынан 45 жана Баткен шаарынан 68 чакырым алыстыкта жайгашканы айтылууда.

Аталган аймактарда жер титирөөнүн күчү 2,5-3 балл болуп сезилди. Кырсыктан жабыркагандар болгон жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0