Ошто "Хизб ут-Тахрир" уюмуна тиешеси бар аялдардын тобу кармалды

© AFP / MOHAMMED ABEDХизб ут-Тахрир желеги. Архив
Хизб ут-Тахрир желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аялдардын жанынан экстремисттик адабият табылган. Өз кезегинде алар исламдын негиздерин өздөштүрүү үчүн чогулганын айтышкан.

БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Ош облусунун Кара-Суу районунда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган "Хизб ут-Тахрир" уюмуна тиешеси бар деп шектелген 16 аял кармалды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине ОИИБ маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди.

Анын айтымында, прокуратура тарабынан райондо жайгашкан үйлөрдүн бирин тинтүүгө санкция берилген. 

"Милиция кызматкерлери үйдөн 16 аялды кармашты. Алардын жанынан экстремисттик адабият табылган. Кармалгандар ислам дининин негиздерин өздөштүрүү үчүн чогулганын айтышууда", — деди Аширбаев.

Аялдардын күнөөлүүлүгүн тергөөчүлөр аныктайт. Учурда теологиялык экспертиза дайындалганы белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0