Кантта тамеки тартуудан чыккан өрттөн үй ээси каза тапты

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүӨрт өчүрүү кызматкерлери. Архив
Өрт өчүрүү кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалын турак жайдын дубалдарын, полун, үй ичиндеги төшөнчүлөрдү каптап кеткен.

БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Кант шаарында турак жай өрттөнүп, андан 57 жаштагы үй ээси Владимир Бабушкиндин жансыз денеси табылганын ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, үй шаардын Буслаев көчөсүндө жайгашкан. Турак үйдүн бѳлмѳсүнүн 20 чарчы метр камыш дубалы, шыбы, 10 чарчы метр жыгач полу, тѳшѳнчү жана 10 чарчы метр таштанды күйгѳн.

ӨКМ өрт тамеки тартуудагы этиятсыздыктан улам келип чыкканын белгилөөдө. Үй ээсинин сөөгү Ысык-Ата районунун өлүкканасына алып келинди.

Жаңылыктар түрмөгү
0