Бишкекте мектептин алдындагы суу кудукка селсаяк түшүп кетти

Жазылуу
Кырсык кечээ кечинде шаардагы орто мектептин биринин алдында болгон.

БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Шаардын "Чыгыш-5" кичи районунда жайгашкан №53 орто мектептин алдындагы суу кудукка түшүп кеткен селсаяк куткарылганын ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык кечээ саат 18.20да болгон. 

Окуя болгон жерге келген куткаруучулар жабыркаган селсаякты кудуктан чыгарып, тез жардам кызматкерлерине тапшырып беришкен.

Учурда мектеп алдындагы кудуктун эмне себептен ачык калганы такталып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0