Футболчу аны оюндан чыгарган калысты атып салды

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүОк атып жаткан адам. Архив
Ок атып жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Башына, моюнуна жана төшүнө тийген октон калыс оюн талаасында дароо каза болгон.

БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Аргентинада футбол оюнчусуна кызыл айып кагазын көрсөткөн калыс оюн талаасында атып өлтүрүлгөнүн РИА Новости Goal.com порталына таянуу менен жазып чыкты.

Бычак кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Адам өлтүрүүгө шектелген жаран 3 жылдан кийин Бишкекте кармалды
Бул окуя Аргентинанын Кордова шаарында болду. Жергиликтүү полициянын берген маалыматы боюнча, 48 жаштагы калыс оюндун эрежесин бузган оюнчуга кызыл кагаз көрсөтүп оюндан чыгарган. Көп өтпөй оюнчу кайта келип аны үч ирет аткан. Башына, моюнуна жана төшүнө тийген октон калыс оюн талаасында каза болгон. 

Мындан сырткары Вальтер Сарате аттуу оюнчу да жарат алган, учурда анын абалы жакшы. 

Калысты аткан оюнчу кылмыш болгон жерден качууга үлгүргөн. Учурда аны полиция кызматкерлери издеп жатышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0