Нарында аялына жана өзүнө бензин чачып өрттөп жиберген жаран каза болду

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүОорукана. Архив
Оорукана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
5-февралда бензин чачып өрттөлгөн аял-күйөөсү Нарын облустук ооруканага келип түшкөн. Милициянын маалыматына ылайык, күйөөсү аялына жана өзүнө бензин чачып өрттөп жиберген.

БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Аялына жана өзүнө бензин чачып өрттөп жиберген 24 жаштагы жаран Нарын облустук ооруканасында өзүнө келбей 14-февралда каза болгонун оорукананын башкы дарыгери Мурат Атбаев Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Ширеңке. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жанын кыйган адамдын өзүн өзү өрттөшүнүн болжолдуу себеби аныкталды
5-февралда денесинин 70-75 пайызы күйгөн келин жана 30 пайыздай денеси күйгөн күйөөсү экөө Нарын облустук оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Милициянын маалыматына ылайык, Нарын шаарынын тургуну аялынын жумушуна келип, көтөрө келген бензинди чачып, өзүн жана жубайын өрттөгөн

Милициянын айтымында, жубайлар Нарын шаарына жакында эле көчүп келишкен жана ажырашууга бир нече жолу аракет кылышкан. Алардын балдары болгон эмес.

Белгилей кетсек, денесинин 75 пайызы күйгөн 21 жаштагы келин 8-февралда каза болгон

Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Ороз Молдосариев Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдиргендей, шектелип жаткан жаран каза болуп калгандыктан ачылган кылмыш иши токтотулду.

Жаңылыктар түрмөгү
0