Козулуу койду бөктөрө качкандар кармалды

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүКозу. Архив
Козу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
20 жана 21 жаштагы жарандар жергиликтүү тургундун сарайындагы малга уурулукка киришкен. Милиция аларды кармап, башка уурулукка да тийиштиги бар, жогун текшерип жатат.

БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Сокулук районунда 58 жаштагы аялдын козулуу коюн уурдап кеткендер кармалганын Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Милициянын билдирүүсүнө ылайык, 31-январда Сокулук районунун Кызыл-Туу айылынын тургуну анын сарайдагы козулу коюн уурдалганы боюнча арыз менен кайрылган.

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө уурулукка шектүү деп 20 жана 21 жаштагы жергиликтүү тургундар кармалган. Сурак учурунда алардын башка уурулук иштерге тийиштиги бардыгы аныкталган. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0