Бишкек шаарында таштанды күйүп, иске ууланып 64 жаштагы аял каза болду

Жазылуу
Өрт тууралуу билдирүү жекшемби күнү саат 9.44тө келип түшкөн. Учурда өрттүн себептери такталууда.

БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Бишкек шаарынын Киев көчөсүндө жайгашкан батирде таштанды күйүп, иске 1952-жылы туулган аял ууланып каза болгонун Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, өрт тууралуу билдирүү жекшемби күнү кечинде түшкөн. Өрт өчүрүүчүлөр батирдин ашканасындагы таштанды күйгөнүн жана ал жети чарчы метр жерге жайылганын аныкташкан. Тилсиз жоонун алдын алууга бир сааттай убакыт кеткен.

Учурда кырсыктын себеби такталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0