Чүй облустук төрөт үйүндөгү эки өлүм үчүн акушер жумуштан алынды

© Sputnik / Сергей Венявский / Медиабанкка өтүүТөрөт үйүндөгү ымыркайлар. Архив
Төрөт үйүндөгү ымыркайлар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Чүй төрөт үйүндө эки күн ичинде жаңы төрөлгөн ымыркай чарчап, көз жарган дагы бир келин келин каза болгон.

БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Чүй облустук төрөт үйүнүн акушери медициналык жардам көрсөтүүдөгү одоно каталарынан улам кызматтан бошотулду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Буга чейин аталган ооруканада эки күн ичинде жаңы төрөлгөн ымыркай жана көз жарган бир келин каза болгону маалымдалган.

"Кыргызстандын Эмгек кодексинин 83-беренесине ылайык төрөт үйүнүн акушери кызматынан алынды", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары дарыгерлер Сакимбаева, төрөт бөлүмүнүн башчысы Козубекова, реаниматолог Орозмаматовага сөгүш жарыяланып, реанимация жана интенсивдүү терапия бөлүмүнүн башчысы Кийизбаевага эскертүү берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0