ӨКМ: Нарында электр карагайын сүзгөн айдоочу жүргүнчүлөрүн таштап качып кеткен

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүАвтоунаанын дөңгөлөгү. Архив
Автоунаанын дөңгөлөгү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жүргүнчүлөр ооруканага жеткирилди. Алардын арасында кош бойлуу келин бар экени айтылууда.

БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Нарын шаарында Toyota Ipsum унаасынын айдоочусу электр карагайын сүзүп алганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Бишкектин чок ортосунда үч унаа кагышып, бирөөсү оодарылып кетти
Маалыматка ылайык, кырсыкка учураган унаада үч жүргүнчү болгон. Окуя болгон жерден качып кеткен айдоочуну учурда милиция издеп жатат.

Жүргүнчүлөрдүн бири кош бойлуу келин экени айтылууда. Кырсыктан кийин бойдон түшүү коркунучу болгондуктан аны төрөт үйүнө жеткирүүгө туура келген.

Экинчи жүргүнчү бутунан жараат алса, үчүнчүсүнүн жамбаш сөөгү чыгып кеткен. Алар Нарындын облустук ооруканасына жеткирилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0