Сокулукта үй өрттөнүп, эки киши күйүп кетти

Жазылуу
Кырсыктын чыгышына тамеки тартуудагы этиятсыздык себеп болгону аныкталды.

БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Сокулукта турак жай өрттөнүп, эки адамдын күйгөн денеси табылганын ӨКМ билдирди.

Москвада өрттөн каза болгондордун жакындарына мекендештер жапа тырмак жардам берүүдө
Маалыматка ылайык, кырсык райондун Новопавловка айылында болгон. Көз жумгандар аталган үйдө убактылуу жашаган 40 жаштагы Максим Каракой жана 28 жаштагы Елена Нагорная аттуу жарандар экени маалым болду. 

Адистер өрттүн чыгышына тамеки тартуудагы этиятсыздык себеп болгонун айтышууда. 

Өткөн сутка ичинде республика боюнча 10 өрт кырсыгы катталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0