Жалал-Абадда 4 аймактын салык бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Жазылуу
Эки шаар менен эки райондун салык кызматкерлери ыктыярдуу патенттин мөөнөтүн мыйзамсыз узартып берүүгө шектелип жатышат.

БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Жалал-Абад облусундагы Кара-Көл, Майлуу-Суу шаарларынын жана Ноокен менен Ала-Бука райондорунун салык бөлүмүнүн кызматкерлерине карата кылмыш иши козголгонун Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган бөлүмдөрдүн жооптуу кызматкерлери айрым ишкерлердин ыктыярдуу патент мөөнөтүн эски салык үстөк менен узартып беришкен. Мындай мыйзамсыз аракеттен улам мамлекеттик казынага 735 миң сом материалдык зыян келтирилген.

Учурда бул боюнча Жалал-Абад прокуратурасы тарабынан төрт кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0