Беш жыл мурда жаранды сабап 0,6 кг. алтынын тартып алган киши Жалал-Абаддан кармалды

© Sputnik / Виталий Безруких / Медиабанкка өтүүАлтын. Архив
Алтын. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2011-жылы Бишкек шаарынан жаранды сабап, алтындарын тартып алып, изин жашырышкан.

БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Жалал-Абад ОИИБдин Уюшкан кылмыштуулука каршы күрөшүү бөлүмү беш жыл мурда Бишкектен жарандын карактап 600 граммдан ашык алтынын тартып алган кылмышка шектүүлөрдү Жалал-Абаддын Таш-Көмүр шаарчасынан кармашты. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Акча жана уюлдук телефон. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте таксистти муунтуп, карактап кеткендер колго түштү
Маалыматка ылайык, 2011-жылы Бишкек шаарындагы Пушкин менен Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинде бейтааныш кишилер шаар тургунун арматура менен сабап, 600 граммдан ашык алтын буюмдарын тартып алышкан. 

Облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, кармалган 28 жаштагы жаран Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү болгон.

Беш жыл мурунку карактоо боюнча КР Кылмыш жаза кодексинин тоноо жана каракчылык менен кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү деп кармалган жаран буга чейин да карактоо боюнча соттолуп чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0