БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Кыргызстанда бүгүн эртең менен жер титирегенин ӨКМ билдирди.
Силкинүү өлкөнүн түштүк аймагында таңкы саат 6.00дө катталган. Очогунда 12 баллдык шкала менен 2,5-3 балл экени айтылууда.
Сейсмология институтунун маалыматы боюнча силкинүүнүн очогу Кыргызстандын аймагында — Фергана тоо кыркаларында жайгашкан. Жер титирөөдөн жабыркагандар катталган эмес.
Өткөн жылдын аягынан баштап өлкөдө бир нече ирет жер титиреди. Анын ноябрь айындагысы эң ири деп эсептелинип, күчү 6,3 магнитудага жеткен. Турак жайсыз калган бир нече жүздөгөн үй-бүлөгө өкмөт убактылуу баш калкалоо үчүн контейнерлерди ыңгайлаштырып берген.