Бишкектин чок ортосунда үч унаа кагышып, бирөөсү оодарылып кетти

© Sputnik / Фурхад КурбановБишкекте үч кагышкан жол кырсыгы.
Бишкекте үч кагышкан жол кырсыгы. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күбөнүн айтымында, Жол кайгуул кызматкерлери кырсыктын чоо-жайын аныктап жатышат.

БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Бишкекте үч кагышкан жол кырсыгы болгонун күбө Фурхат Курбанов айтып берди.

Анын айтымында, авария Ибраимов менен Жумабек көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

© Sputnik / Фурхад КурбановБишкекте үч кагышкан жол кырсыгы болду.
1/2
Бишкекте үч кагышкан жол кырсыгы болду.
© Sputnik / Фурхад КурбановАвария Ибраимов менен Жумабек көчөлөрүнүн кесилишинде болду.
2/2
Авария Ибраимов менен Жумабек көчөлөрүнүн кесилишинде болду.
1/2
Бишкекте үч кагышкан жол кырсыгы болду.
2/2
Авария Ибраимов менен Жумабек көчөлөрүнүн кесилишинде болду.

"Subaru Impreza менен эки Honda-CRV сүзүштү. Subaru Impreza Жумабек көчөсү менен келе жаткан. Соккудан Honda-CRV унаасы аласалып кетти. Ал эми экинчи жол тандабас оодарылып кеткен унаага урунду", — деди Курбанов.

Ал кырсыктан каза болгондор жок экенин божомолдоду, анткени айланада тез жардам кызматы көрүнгөн эмес. Учурда Жол кайгуул кызматынын инспекторлору кырсыктын чоо-жайын иликтеп жатышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0