Москвадагы өрттөн каза тапкандардын жетөө жакын тууган болушкан

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүРоссиянын өрт өчүрүү кызматкерлери өрттү өчүрүү маалында.
Россиянын өрт өчүрүү кызматкерлери өрттү өчүрүү маалында. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын борбор шаарындагы тигүү цехинде чыккан өрттөн 12 киши каза болду. Анын сегизи кыргызстандыктар. Учурда алардын сөөгүн Кыргызстанга алып келүү үчүн аракеттер көрүлүүдө.

БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Москвадагы цехте чыккан өрттөн каза болгон кыргызстандык жарандар бири-бирине тууган болгон. Баткен районунун Кайыңды айылынын жергиликтүү тургундары Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине эки үй-бүлөдөн жети киши каза болгонун билдирди.

Учак менен сөөктү жеткирүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чет өлкөдөгү КР жарандарынын жүрөк титиреткен өлүмдөрү
2016-жылы 30-январда Москва шаарындагы Сокольники аймагындагы Стромынка көчөсүндө жайгашкан өнөр жай имаратында өрт чыгып, 12 кишинин өмүрүн алган. Алардын сегизи кыргызстандык жарандар болгон. Анын ичинде өспүрүм да бар.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы Кайыңды айылынын тургуну Жусуп Исираев менен байланашып, Москвада өрттөн каза болгондордун туугандык байланыштарын тактады.

"Каза болгон Манас Козуев менен Төлөгөн Козуев — бир тууган. Ошондой эле Кошомбай Маликаждар уулу менен Эргешбай Жапаров дагы бир туугандардан. Андан сырткары, Манас менен Төлөгөндүн апасы — Кошонбай менен Эргешбайдын бир тууган эжеси. Бул окуя айылга түшкөн мүшкүл иш болду", — дейт ал.

Исираев Эргешбай Жапаровго мектепте сабак бергенин айтып, аны акыркы жолу 2015-жылы күзүндө көргөнүн билдирди.

"Агай деп мени менен сүйлөшүп турчу. Акыркы жолу мага "Одноклассники" сайтынан достук жөнөтүптүр", — дейт ал.

Исираевдин айтымында, Кошомбай менен Эргешбай кичинекей кезинен эле томолой жетим калышкан. Алар Чек деген айылдан жер алып, үй-жай салганга аракет кылып жүрүшкөнү маалым болду. 

Ал эми Кайыңды айылынын башчысы Рахманали Рысов Эргешбай менен Кошонбай төрт бир тууган экенин айтып, алардын артында агасы менен иниси калганын кошумчалады.

"Эргешбай Россиянын жарандыгын алган. Анын баласы да өрттөн каза болду. Иниси Кошонбай андан кийин барды. Кошонбайдын жаңы төрөлгөн баласы аялы менен бул жакта калды эле. Баласына үч айдай болуп калган", — деди айыл башчы. 

Булардан тышкары, өрттөн Төлөгөн Козуев да аялы менен каза болгон. 

"Төлөгөндүн баласы жок эле. Ал эми Манас бойдок болчу. Балдарынан жана келининен ажыраган 48 жаштагы апасынын абалы оор. Ал кант диабетинен жабыркачу. Азыр дарыгерлердин көзөмөлүндө отурат", — деди Рысов.

Ал ошондой эле каза болгон Эркинбек Тогузаков менен Козуевдер энеси жактан тууган экенин кошумчалады.

Ошентип, цехте чыккан өрттөн жети жакын тууган каза болгон.

Москвадагы цехте чыккан өрттөн каза болгондордун жакындарына материалдык жана моралдык жактан колдоо бериле турганын президент менен премьер-министр тең билдирген. 

Москвадагы тигүү цехинде чыккан өрттөн КР жарандары каза болду. Күбөнүн тарткан видеосу
Учурда Кайыңды айылындагы маркумдун жакынарына отун жана көмүр жагынан жардам берилүүдө.

Каза болгондордун сөөгүн Кыргызстанга алып келүү үчүн өкмөттүк деңгээлде иштер жасалууда. Маркумдун жакындары сөөктүү таануу үчүн Москвага учуп кетишти. Окуяны тышкы иштер министри жеке көзөмөлүнө алуусун премьер-министр тапшырган.

Кайыңды айылы райондун борборунан 90 чакырым алыс турарын, жолу узак жана татаал экенин айткан айыл башчысы Рахманали Рысов район боюнча айылдын абалы эң оор экенин кошумчалады. 

Маалыматтар боюнча айылдын 80 тургуну чет жакта иштеп жүрөт. Айылда 165 түтүн жашайт. 

Өрттөн каза болгон Россиянын жарандары, этникалык кыргыздар

  • Жапаров Эргешбай Аждарович, 1984-жылы туулган, Россиянын жараны;
  • Тогузаков Эркинбек Аламбекович, 1967-жылы туулган, Россиянын жараны.

Каза болгон Кыргызстандын жарандары (КРдин Россиядагы элчилигинин маалыматы боюнча):

  • Масалиева Сажида Зиёвидиновна, 1988-жылы Баткен району, Кызыл-Бел айылы;
  • Салиева Токтокан Маматазимовна, 1983-жылы туулган, Баткен району, Таян айылы;
  • Салиева Уулкан Маматазимовна, 1997-жылы туулган. Токтокан Салиеванын сиңдиси;
  • Иса кызы Айзат, 1995-жылы туулган, Баткен облусу, Кайыңды айылы;
  • Миликаждар уулу Кошонбай, 1990-жылы туулган;
  • Козуев Төлөгөн Мухтаралиевич, 1991-жылы туулган;
  • Кожоев Манас Мухтаралиевич, 1995-жылы туулган, Төлөгөн Козуевдин бир тууганы;
  • Аждаров Даниель Эргешбаевич, 4-5 жашта. Каза болгон Жапаров Эргешбайдын баласы.
Жаңылыктар түрмөгү
0