Таш-Көмүрдө MAN оор жүк ташуучу унааны уурдап кеткендер колго түшүрүлдү

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүОор жүк ташуучу унаа. Архив
Оор жүк ташуучу унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кылмышка шектүү катары ошол эле шаардын 27 жаштагы тургуну кармалды.

БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Таш-Көмүр шаарында MAN үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаасын уурдап кеткендер колго түшүрүлгөнүн Жалал-Абад ОИИБ билдирди.

Уй айдап бара жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Былтыр ууру-кескилер Жалал-Абад облусунда 10,6 миллион сомдук малга кол салган
Маалыматка ылайык, окуя үстүбүздөгү жылдын 19-январында болгон. Мындан машина ээсине 20 миң доллар өлчөмүндө материалдык зыян келтирилгени айтылууда. Милиция унаа ээсинин арызынын негизинде кылмыш ишин козгогон. 

Ыкчам-иликтөө иш-аракеттеринин натыйжасында Таш-Көмүр шаарынын 27 жаштагы тургуну колго түшүрүлдү.

Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери улантылып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0